Бишкекке троллейбустар боюнча абалга баа берүү үчүн ЕРӨБдүн адистери келет

Бул тууралуу 23-майда «Бишкексмог» шаардык демилгеси билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги троллейбустарды сактап калууну максат кылган активисттер Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин Лондондо өткөн ар жылкы жыйынында ЕРӨБдүн президентине жана жогорку жетекчилигине кайрылышты.

Алар 2013-жылы Бишкектеги троллейбустардын техникалык абалынан улам шаардын троллейбус паркы жабылып калуу коркунучуна кептелгенде, ЕРӨБ жардамга келгенин белгилешти. Анда банк 50 жаңы троллейбус сатып алуу үчүн Бишкекке €5 млн насыя жана €3,424 млн грант берген. Ал насыяны мэрия 2025-жылдын май айына чейин төлөп келди.

«Кредиттик макулдашууда негизги шарт катары долбоорду ишке ашыруу процессин банк көзөмөлдөй турганы көрсөтүлгөн. Бирок буга карабастан, былтыр банктын жана жергиликтүү тургундардын макулдугусуз эле 100 троллейбус шаардан чыгарылып кеткен. Алардын арасында ЕРӨБ 2018-жылы активдүү насыянын алкагында бөлүп берген кошумча каражатка сатып алынган троллейбустар да болгон», — деп жазылган билдирүүдө.

«Бишкексмогдон» троллейбустардын техникалык абал жакшы экенин белгилеп, бирок алар бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларында колдонулбай турганын билдиришти.

«Аларды электробус кылып жасоо боюнча Бишкек мэриясынын сунушу жөнсүз жана ал шаардын бюджетинен кошумча миллиондогон чыгымдарды талап кылат», — деп билдиришти «Бишкексмогдон».

27-майда Административдик сот Бишкектеги троллейбустарды жоюу боюнча ишти карайт.

Былтыр августта Бишкек шаардык кеңеши 100 троллейбусту Ош шаарына берүү чечимин жактырган. Ага чейин мэрия активисттердин нааразылыгына карабастан, тиешелүү коомдук талкуу аяктай электе эле шаардагы троллейбус зымдарын ала баштаган.

Мындан тышкары калаа бийлиги Нарын шаарына алты, Баткен облусуна тогуз троллейбус берген. Бул чечим боюнча активисттер Бишкек мэриясын сотко беришкен. Ал боюнча териштирүүлөр дале уланууда.

Троллейбустар Бишкектин көчөлөрүндө 2024-жылдын 4-ноябрынан тарта жүрбөй калган. Ал арада баш калаанын аймактарга берилген троллейбустары колдонулбай турат.