Ош: «Келечек» базарынын соодагерлери жаңы базарга көчүүгө каршы болууда

Image descriptionОштогу «Келечек» базарынын соодагерлери жаңы курулган муниципалдык базарга көчүүгө каршы болуп чогулушту. Алар менен жолугуу үчүн калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев келди.

Соодагерлер «Клооптун» кабарчыларына аларга жаңы базарга көчүшү керектиги тууралуу бир нече күн мурда гана билдирүү бергенин билдиришти. Ошондой эле соодагерлерге жаңы муниципалдык базардагы орундуктардын чарчы метрин 1000 АКШ доллардан сатып алышы керектиги айтылган.

Учурда Токторбаев соодагерлердин талаптарын угуп жыйын өткөрүп жатат.

Буга чейин мэр Оштогу бардык базарлар 1-июлдан жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөрүн айткан.