Жогорку сот Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция иши боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-апрелде сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу саясатчынын ишин кайра кароого жөнөтүү чечимин кабыл алган.
Мындай өтүнүч менен сотко Башкы прокуратура жана Исаковдун адвокаттары кайрылган. Ишти Бишкектин Свердлов райондук соту карайт.
«Свердлов райондук сотунун 2019-жылдын 6-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 23-мартындагы чечимдери, ошондой эле Жогорку соттун 2020-жылдын 22-июнундагы жана 2021-жылдын 2-мартындагы Сапар Исаковго байланыштуу токтомдору жокко чыгарылды. Кылмыш иши кайрадан жаңы териштирүү жүргүзүү үчүн Свердлов райондук сотуна судьялардын башка курамына жөнөтүлдү», — деп жазылган соттун билдирүүсүндө.
Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция иши боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары ал Бишкектеги тарых музейин реконструкциялоодогу жана Чолпон-Атадагы ат майданды куруудагы коррупция иштери боюнча 18 жылга соттолгон.
Исаков 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялардан кийин камактан чыкканда ага 13-октябрда кайра абакка кайтуу шарты коюлган. Бирок саясатчы белгиленген мөөнөттө түзөтүү жайына барбастан, өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк экс-депутат Шайлообек Атазов Исаков Москвада жүргөнүн жана ал жакта «ресторан ачканын» билдирген. Учурда экс-премьердин кайсыл жерде экени белгисиз.