Көңүл буруңуз! Макалада сөгүнгөн сөздөр бар. Эгер бул сизге зыян келтирет деп эсептесеңиз, текстти окуудан карманууну сунуштайбыз.
Соцтүйүндөрдө курулуш министри Нурдан Орунтаевдин Ошко жасаган иш сапарында жергиликтүү тургундардын көзүнчө кол алдындагылар менен уят сөздөрдү колдонуп сүйлөшүп жатканы тартылган видео тарады.
Бул соцтүйүндөрдө резонанс жаратып, колдонуучулар мындай жүрүм-турум аткаминерге жарашпай турганын билдиришти.
«Арзаныраак кылгыла. Блядь, өткөн жылы, нахуй, Бишкекбашкыархитектурадан, блядь, 80 млн котордум. Азыр бардык акчаңарды алып кетем. [...] Мага маалымат бергиле. Бересиңер же бул жакка өзүм түшүм келем. 300-400 млн сомду кайда коротуп жатасыңар?» — деген Орунтаев.
Нурдан Орунтаев түрдүү жылдары укук коргоо органдарында иштеп, Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин директору болгон. Ошондой эле ал баш калаанын вице-мэри, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы кызматтарын аркалаган. Мэрияда иштеп жүргөндө Орунтаев өзүнүн чыр-чатактуу жүрүш-турушу менен гана эмес, «муниципалдык аймактарга мыйзамсыз курулган» делген түрдүү объектилерди бузуу иштерине жеке катышканы менен да эсте калган.
2022-жылы сентябрда Орунтаев Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев менен кайым айтышкан. Парламентарийге Орунтаевдин комитет жыйынында ага жооп бергени жаккан эмес. Сатыбалдиев мэрия үйлөрдүн тосмолорун бузуп жаткан Шүкүров көчөсүндө жашай турганын айтып, ал өзүн сыйлоого мажбурлай турганын билдирген. Бирок көп өтпөй вице-мэр акыры депутаттын үйүнүн тосмосун бузган.
Орунтаев вице-мэр болуп турганда Бишкектин 3-кичи районундагы гараждарды да бузган. Буга нааразы болгон тургундар митингге чыкканда Орунтаев үн күчөткүч менен «Келишим! Келишим!» деп кыйкыра баштаган. Анын мындай жүрүм-турумун депутат Дастан Бекешев сынга алган. Ал аткаминер өзүн «мыркча» алып жүргөнүн айтып, мэрди ага чара көрүүгө чакырган.
Мындан тышкары Орунтаев «Батуми» кафесин да түрттүргөн. Анда анын ээси бузуу иштерине тоскоолдук кылуу үчүн экскаватордун жолун тороп чыккан. Кафенин түрттүрүлүшү парламентте да активдүү талкууланган. Кийинчерээк Орунтаевге кылмыш иши козголуп, ал келтирилген чыгым катары кафенин ээсине 3 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.