Манипуляция — бул балык уулоо сыяктуу. Бирок бул жерде кайырмактын ордуна — кооз сөздөр, жалындуу баш темалар жана «талашсыз фактылар» болот. Биз көп учурда кайырмактын башында ким турганын көрбөй эле ага «илинип» кала беребиз.

Илинип калбаш үчүн эмне кылуу керек?

  1. Кайырмактагы жемди жакшылап караңыз. Эгер баш темасы өтө эле оозду ачыргандай болуп турса («Окумуштуулар рак илдетин кофе менен айыктырса болорун аныкташты!» деген сыяктуу), демек, бул белги болушу керек. Өзүңүзгө суроо берип, ойлонуп көрүңүз: муну ким эмне үчүн жазды?

  2. Алгачкы сезимге алдырбаңыз. Манипуляторлор атайылап коркуу, ачуулануу же кубанычтын сезими пайда болушун көздөшөт, себеби мындай абалда биз түзүк ой жүгүртө албай калабыз.

  3. Версияларды салыштырыңыз. Эгер окуя тууралуу бир эле булак жазып, башкалары унчукпай жатса — балким, жаңылык көбүртүп-жабыртылган же бурмаланган болушу мүмкүн.

Көңүл бура турган жагдайлар:

  • Маалымат булагы ким? Расмий мекеме, беделдүү ЖМК же Telegram’дагы анонимби?
  • Далили барбы-жокпу? Cүрөт, видео, документтер — же жөн эле куру сөздөрбү?
  • Күнү же контексти барбы? Кээде эски сүрөттү жаңы сүрөт, ал эми окуяны — башка жерде болгон окуя деп жымсалдап коюшат. 
  • Белгилүү болгон фактылар менен дал келеби? Эгер «Бишкекте июль айында кар жаады» делген болсо, ал сөзсүз текшерилүүгө тийиш.
      

Фейкти кантип тааныса болот?
Фейктер көп учурда өздөрүн-өзү эле билдирип коёт. Төмөндө анын бир нече белгиси:

  • Убадалары өтө эле жалындуу келет («оорунун баарын биротоло айыктырган дары чыкты» деген сыяктуу).
  • «Тез бөлүш!» — сизди ойлонбостон таркатып жибердире турган классикалык кылтак.
  • Орфографиялык каталар жана бүдөмүк жазылган тексттер.
  • Расмий сайтка багыттабаган кызыктай шилтемелер (мисалы, «о» тамгаларынын ордуна эки нөл менен «g00gle.com»).

Эстен чыгарбаңыз: фейк — бул ачып кеткен кесме сыяктуу. Аны аныктаганды канчалык тез үйрөнсөңүз, уулануу тобокели да ошончолук аз болот.

Кийинки сабакта фактылар менен пикирлердин ортосунда адашып калбоонун амалдарын үйрөнөбүз.