Бийликти сындаган видеосу тарагандан кийин кармалган акын Аскат Жетиген 2026-жылдын август айына чейин колонияда калат. Ал буга чейин «бийликти басып алууга чакырык» беренеси боюнча айыптуу деп табылган болчу. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.
«Жаза аткаруу кодексинен жатак-абактарды алып салышканда аябай капа болгом, анткени Аскат шартты алмаштыруу боюнча өтүнмө келтирип, жатак-абакка чыга алмак. Ошентсе да мөөнөтүнөн мурда бошотулат деген үмүтүм бар болчу. Бирок ЖАКнан Аскатка туура келбейт деген жооп келди», — деп жазды укук коргоочу.
Оң мүнөздөмөсүнө, эч кандай тартип бузбаганына карабай акынга мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулбайт, анткени «бийликти басып алууга чакырык жасоо» беренеси буга жол бербейт.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова жарыялаган скриншот.
Аскат Жетиген — белгилүү кыргыз комузчусу, акын жана композитор. Ал 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болгон.
Жетиген 2021-жылдан бери бийликти сындаган видеолорду жарыялап келген. Айрыкча, кумар оюндарын мыйзамдаштыруу, желекти өзгөртүү, активисттердин камакка алынышы жана маданият тармагындагы реформаларга каршы пикирин билдирген.
Жетигенге каршы алгачкы кылмыш иши 2022-жылы козголгон. Буга анын президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган видеокайрылуусу себеп болгон. Анда акын бийликтеги «эки досту» эмоционалдуу жана уят сөздөрдү айтып сындаган. Бул иш боюнча Жетиген бир нече жолу суракка алынган.
2024-жылы мартта Жетиген «Бийликти басып алууга чакырык жасоо» беренеси боюнча айыпталып, кармалган. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын айтымында, Жетигендин кармалышына анын видеокайрылуусу эмес, а 2021-жылы соцтүйүндөргө жазган билдирүүсү себеп болгон. Ал иштин материалдарына «сот башталгандан кийин гана кошулуп калган».
Былтыр май айында акын «УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө аны бир саат бою ток менен кыйноого алышканын» билдирген. Анын айтымында, күч түзүм кызматкерлери башына баштык кийгизип, мындан ары бийликти сындабашы жана кечирим сурашы үчүн сабашкан. Атайын кызмат бул боюнча комментарий берген эмес.
Дисклеймер: Сот «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшиндин ишмердүүлүгүн жана басылманын материалдарын экстремисттик деп тапкан. «Клооптун» видеолоруна жакты белгисин басуу, комментарий калтыруу жана бөлүшүү кооптуу. Бирок окуганга жана видеолорун көргөн коркунучтуу эмес.