Amnesty International эл аралык укук коргоочу уюму «Клооптун» иши боюнча өкүмдү сынга алды. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Чолпонай Уметалиева басылманын мурдагы төрт кызматкерин «массалык башаламандыктарга чакырык» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Судья эки оператор Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду беш жылга эркинен ажыратып, эки бухгалтерди үч жыл пробацияга кескен.
Amnesty International уюмунун директорунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча орун басары Денис Кривошеев Александров менен Дуулатовго чыккан өкүмдү «жазык мыйзамдараы көз карандысыз журналистиканы басынтууга колдонулуп жатканынын ачык мисалы» деп атады.
«Сот айыпталуучулардын адвокаты жок кезде, кысымдан улам күнөөнү мойнуна алууга аргасыз болгону тууралуу көрсөтмөсүн, мамлекеттик эксперттердин жарыяланган материалдарга алардын катышы жок экени тууралуу тыянагын эске алган жок. “Клооптун” иши — кооптуу тренддин үлгүсү: Кыргызстанда сөз эркиндигинин аянты барган сайын кууш тартып, ал эми эркин журналистикага болгон басым акыркы 15 жылда болуп көрбөгөндөй чекке жетти», деп белгиледи Кривошеев.
Amnesty International Кыргызстандын бийлигинен «чукул арада Александров менен Дуулатовду бошотуп, Кыргызстандагы эркин ЖМКга карата куугунтукту токтотууну» талап кылды.
«Клооптун» мурдагы эки оператору менен эки бухгалтерин сот массалык башаламандыктарга чакырык беренеси боюнча, операторлор дагы, бухгалтерлер дагы тиешеси жок беш видео үчүн күнөөлүү деп тапты. Иштин материалдарындагы беш видеону иликтөөчү-журналист Болот Темиров даярдап, өзүнүн Temirov Live YouTube-каналына жарыялаган. Темиров өзү да мурда «Клооптун» экс-операторлору менен да, бухгалтерлери менен да тааныш эметигин бир нече жолу кайталаган. Ошондой эле каналындагы контентти толугу менен өзү даярдай турганын жарыялаган.
Эксперттер аталган видеолордон башаламандыкка түз чакырыктарды тапкан эмес, бирок эксперт-лингвист Таалайбек Абдыкожоев Болот Темировдун видеолорундагы «Эркиндик берилбейт — ага жетүү керек» деген ураанда чакырык болушу ыктымал деген тыянакка келген. Анткен менен, эксперт өзү да Болот Темировдун видеолоруна экспертиза жүргүзүлсө, бул иште «Клооптун» кандай катышы бар экенин түшүнө алган эмес.
Тергөө болсо Болот Темиров кандайдыр бир материалдарды «Клооптун» жетекчилигине берет, алар өз кезегинде операторлорго жеткирет деген оюнан кайтпай койгон, бирок далилдей алган эмес — анткени иштин материалдарындагы материалдар «Клоопко» жарыяланган эмес болчу. Ошондой эле, тергөө Болот Темиров «Клоопту» каржылайт деген маалыматка элди ишендирүүгө аракет кылган. Бирок бул жүйөсүн да далилдей алган эмес.
Тергөө кылмыш ишинин бир дагы жүйөсүн далилдей алган жок, ал эми операторлор буга чейин аларды үй камагына чыгуу үчүн күнөөнү мойнуңарга аласыңар деп мажбурлашканын айтып беришкен.