«Клооптун» мурдагы эки оператору бөлөк бирөөнүн видеосу үчүн беш жылга кесилди 

17-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Клооптун» мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду жалпы тартиптеги колонияга беш жылга эркинен ажыратты. Бул иште айыпталуучу катары өтүп жаткан эки эсепчиге үч жылдык пробация жазасын чегерди.

Сот аларды массалык башаламандыктарга чакырык беренеси боюнча, операторлор дагы, бухгалтерлер дагы тиешеси жок беш видео үчүн күнөөлүү деп тапты. Иштин материалдарындагы беш видеону иликтөөчү-журналист Болот Темиров даярдап, өзүнүн Temirov Live YouTube-каналына жарыялаган. Темиров өзү да мурда «Клооптун» экс-операторлору менен да, бухгалтерлери менен да тааныш эметигин бир нече жолу кайталаган. Ошондой эле каналындагы контентти толугу менен өзү даярдай турганын жарыялаган.

Александр Александров и Жоомарт Дуулатов. Cүрөт: RFE/RL

Эксперттер аталган видеолордон башаламандыкка түз чакырыктарды тапкан эмес, бирок эксперт-лингвист Таалайбек Абдыкожоев Болот Темировдун видеолорундагы «Эркиндик берилбейт — ага жетүү керек» деген ураанда чакырык болушу ыктымал деген тыянакка келген. Анткен менен, эксперт өзү да Болот Темировдун видеолоруна экспертиза жүргүзүлсө, бул иште «Клооптун» кандай катышы бар экенин түшүнө алган эмес.

Тергөө болсо Болот Темиров кандайдыр бир материалдарды «Клооптун» жетекчилигине берет, алар өз кезегинде операторлорго жеткирет деген оюнан кайтпай койгон, бирок далилдей алган эмес — анткени иштин материалдарындагы материалдар «Клоопко» жарыяланган эмес болчу. Ошондой эле, тергөө Болот Темиров «Клоопту» каржылайт деген маалыматка элди ишендирүүгө аракет кылган. Бирок бул жүйөсүн да далилдей алган эмес.

«Менде сот отурумунда айыптоочу Кыргызстандагы башка журналисттерди коркутуп, мындан ары эч ким Temirov Live жана башкалар менен кызматташа албагандай болсун деген максатты көздөгөндөй сезим калды. Мындайча айтканда, башкаларга сабак болсун дегендей. Менде ушундай ой пайда болду, анткени иштин материалдарында Дуулатовдун же дагы башка соттолуучулардын күнөөсүн далилдеген бир дагы факты жок. Таптакыр жок», — деп билдирди отурумда адвокаттардын бири.

Тергөө кылмыш ишинин бир дагы жүйөсүн далилдей алган жок, ал эми операторлор буга чейин аларды үй камагына чыгуу үчүн күнөөнү мойнуңарга аласыңар деп мажбурлашканын айтып чыгышты. Ага карабай, судья Чолпонай Уметалиева 17-сентябрда эки операторду колонияга кесүүгө чечим чыгарды.