Мурда Кыргызстандын бийлиги журналисттер жарыялаган иликтөөгө же макалага гана реакция кылышчу. Эми алдын ала чара көрүп, карабашыл редакцияны түп орду менен жоюп, журналистиканы криминалдаштырууну чечкендей.
Бир кезде Борбор Азиядагы «демократиянын аралчасы» аталган Кыргызстан, президент Садыр Жапаровдун доорунда авторитаризмге тез эле жете келди. Анан калса, Жапаров өзү 2020-жылы октябрда, көпчүлүк нааразылыкка чыгып, ошол кездеги өкмөт кулагандан кийин бийлиике келген.
Биз OCCRP командасынын макаласын кыскача баяндап берели деп чечтик. Макаланын түпнускасын ушул шилтеме аркылуу окуй аласыз.
Макаланын автору «Клооптун» мурдагы башкы редактору Элдияр Арыкбаев. Бул материалды даярдоого кыргызстандык дагы эки журналист катышкан. Бирок коопсуздук үчүн алардын аты-жөнү айтылбайт.
Бишкекте «Клооп» иликтөөчү басылмасынын мурдагы төрт кызматкери «массалык башаламандыктарга шыкакчы болууга» айыпталып, соттолуп жатат. Соттолуучулардын курамы да өзгөчө — эки бухгалтер жана эки оператор. Төртөө тең күнөөсүн мойнуна алган, анткен менен бул жерде бир нече «бирок» бар.
5-августта өткөн сот отурумунда прокуратура айыптоочу өкүмдү ачыкка чыгарган. «Клооптун» мурдагы оператору Александр Александровдун адвокаты Кайсын Абакировдун пикиринде, кылмыш ишинин басымдуу бөлүгү бийликтин дарегине сын айткан беш видеороликке негизделген. Прокурорлор айыпталган операторлор бул видеолорду даярдоого жардамдашкан деп эсептейт.
Бул видеолордун бири дагы «Клоопто» жарыяланган эмес (операторлордун да, бухгалтерлердин дагы тиешеси жок, — редактордун эскертүүсү). Материалдар учурда өлкөдөн тыш иштеп жаткан, кыргызстандык дагы бир иликтөөчү басылма — «Темиров Live» тарабынан даярдалган.
Андан тышкары, бухгалтерлерге Болот Темиров менен «биргеликте даярдалган иликтөөлөр» үчүн операторлорго акча которгон деген айып тагылууда. Болот Темировду болсо Кыргызстандын бийлиги 2022-жылы ноябрда өлкөдөн чыгарып салышкан.
Бийлик менен чиновниктердин дарегине сын айткан видеону тергөөчүлөр «бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талабына иш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырууга аракеттенүүгө» теңешкен.
«Клооп» басылмасы өзүнүн кызматкерлери Болот Темиров менен жогорудагы видеолорду даярдоодо кызматташканын кескин четке кагып, басылманын айланасындагы сот процесси Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКга карата ири масштабдагы чабуулдун акыркы кадамы деп айтууда.
«Айыптоо актысында “Клооптун” барактарына жарыяланган бир дагы материал жок», — дейт «Клооптун» тең негиздөөчүсү Ринат Тухватшин. — «Кыргыз бийлиги ЖМКга байланышы бар уюмдарга жана адамдарга болушунча зыян келтирүүнүн түрдүү жолдорун таап атышат».
Буга чейин президенттин басма сөз катчысы эл алдында «Клоопту» Темиров менен кызматташат, журналистиканы жамынып «мамлекетке каршы атайын буйрутмаларды» аткарат деп айыптаган болчу.
«Клооптун» тең негиздөөчүсү Ринат Тухватшинге карата кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө алынган, ал эми анын юристине иштин материалдарын беришкен эмес. Быйыл жай айларында Тухватшиндин, басылманын башкы редактору Анна Капушенконун жана директор Галина Гапарованын банктагы эсептери тоңдурулган.
Журналистика «кылмышка» айланганда
«Клоопко» чейин Temirov Live.
2024-жылы январда кыргызстандык күч түзүмдөрү Temirov Live басылмасынын Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мурда иштеп кеткен жана иштеп жаткан 11 кызматкерин кармаган. Арасында басылманын директору, Болот Темировдун келинчеги Махабат Тажибек кызы да бар болчу. Баары тең «массалык башаламандыктарга чакырууга» айыпталышкан.
Камоолордун алдында, бир нече күн мурда Temirov Live ички иштер министри Улан Ниязбековду кызмат абалынан кыянат пайдаланууга айыптаган видео жарыялаган болчу.
Сурак учурундагы стенограммада журналисттерге редакция материалдарды кандайча даярдайт, өкмөттөн ким аларга маалымат берет деген суроолор берилгенин көрүүгө болот. Тергөөчүлөр кармалгандар айыпталып жаткан, ыктымал бийликти кулатууга, массалык башаламандыкка байланышкан бир дагы суроо беришкен эмес.
Басылманын күнүмдүк турмушу — редакциянын чогулушу, видеону монтаждоо, айлыктардын бериилиши — мунун баары «кутумчулдуктун далили» катары көрсөтүлгөн.
Шифр менен корголгон Signal сыяктуу мессенжерлерди колдонгону үчүн, журналисттер «массалык башаламандыктарга чакырууга багытталган терс маалыматтарды талкуулашкан» деп сүрөттөлгөн. Прокурордун айтымында, кылмыш жасалган орун — редакция.
Кылмыш иши видеону экспертизадан өткөрүп, чындап эле журналисттер шыкакчы болгонбу же жокпу аныктасын деп прокуратура тарабынан чакыртылган лингвисттерге таянган болчу. Бирок укуктук маселелер боюнча эксперттер лингвисттердин методологиясын күмөндүү деп аташкан. Анализдердин биринде, Темиров Live даярдаган видеодо «массалык каршылык көрсөтүүгө, башаламандыктарга, бийликти алмаштырууга» чакыруунун белгилери бар деп жазылган. Дагы биринде — «шыкактоонун түз белгиси болгон эмес», бирок «коомчулуктун пикирине дестабилициялоочу таасир бериши» ыктымал болгон видеодогу тонду айтып жатышы мүмкүн деп айтылат.
Тергөөчүлөр «байланыштардын диаграммасын» чийишкен, анда маалымат булактары өз ара бириктирилген: Temirov Live кызматкерлеринин кесиптештери, туугандары бузулук ишмердүүлүктүн түйүнү деп сүрөттөлгөн.
Сот процесси 2024-жылдын аягында бүткөн. Жети кызматкер акталган. Эки жаш журналист сегиз ай абакта жаткан соң, шартуу түрдө кесилген. Эки кызматкер абакка кесилген: Махабат Тажибек кызы алты жылга, Азамат Ишенбеко беш жылга эркинен ажыратылган. Быйыл жазда президент Ишенбековго ырайым берүү менен, Кыргызстанда басма сөз эркиндиги саясий маанайдан көз каранды экенин эске салган.
Бирок репрессиялар муну менен токтогон эмес:Temirov Live командасына карата пайдаланылган ыкмалар оптимизацияланып, «Клоопко» каршы колдонулган.
Журналисттерди тизгиндөөнүн ишенимдүү стратегиясы
Май айынын таңында «Клооптун» журналисти Зыягүл Болот кызынын эшиги кагылган. Ал Ош шаарында жашачу. Бир нече мүнөттөн кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен келген, жарандык кийимчен коопсуздук кызматкерлери ичкери кирип келип, анын телефону менен ноутбугун алып коюшкан. Өзүн болсо Бишкекке суракка алып кетебиз деп, бирок эмне себептен экенин түшүндүргөн эмес.
Ошол эле күнү УКМК «Клооптун» дагы беш журналистин жана кызматкерлерин суракка алып кеткен. Дагы эки киши эртеси күнү кармалышкан.
«Адамдарды эч кимге байланыштырбай кармап турушат», — деген анда, «Клооптун» тең негиздөөчүсү Ринат Тухватшин эл алдында. «Кармалгандан кийин кызматкерлер туугандарына да, бизге да байланыша алган эмес. Кармалгандан баштап эч кимисине адвокаттарды да киргизбей жатышат [...] Мен муну кармоо эмес, адам уурдоо деп эсептейм».
Көпчүлүгү бир сутка аралыгында бошотулган. Көп өтпөй соцтармакта жана улуттук телеканалда УКМК тарткан видео тарай баштаган. Анда кармалган улан-кыздар «Клооп» менен байланышын үзөбүз жана «деструктивдүү» ишмердүүлүгүн токтотобуз деп убада кылышкан.
Бирок эки оператор бир нече айдан бери камакта калууда, ал эми эки бухгалтерге Кыргызстандан чыгууга тыюу салынган.
Рейд учурунда бийлик эч кандай айып койгон эмес. Кийин гана кылмыш иши беш видеого байланыштуу экени белгилүү болгон. Бирок видеолордун бири да «Клоопко» жарыяланган эмес.
Анда УКМК болгону пресс-релиз жарыялап, анда «Клооптун» кызматкерлерин «массалык башаламандыктарга шыкакчы болгон» деп айыптаган болчу. Доо арызда Temirov Live командасына козголгон иштеги бүдөмүк формулировкалар кайталанат.
Укук коргоочу топтор журналисттердин камакка алынганын Кыргызстандагы көз карандысыз журналистикага карата жапырт чабуул катары сынга алышкан.
«Бийликтин дарегине же алардын иш-аракетине сын айткан ким болбосун массалык башаламандыкка чакырык кылды деп эсептелет. Бул Кыргызстандагы өтө кооптуу тенденция, анткени коңшулаш мамлекеттердин ушундай эле өнүгүү жолун эске салат», — деген пикирин OCCRP басылмасына Human Rights Watch уюмунун Борбордук Азия боюнча изилдөөчүсү Сыйнат Султаналиева билдирген.
«Клооп» басымга карабай, Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларды чагылдырууну улантарын билдирди.
«Биз ишибизди токтотпойбуз. Иликтөө жасаганды токтотпойбуз. [...] Эми Кыргызстанда бул ишти эч ким жасай албаса, биз жасай беребиз», — дейт Тухватшин.