9-сентябрь күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Клооптун» иши боюнча кезектеги сот отурум болуп өттү. Басылманын мурдагы эки оператору Александр Александров менен Жоомар Дуулатовду жана эки бухгалтерди тергөө массалык башаламандыкка чакырууга айыптап жатат. Күнөөнүн бир далили катары тергөө Болот Темировдун беш видеосуна жасалган экспертизаны алып чыккан, бирок «Клооптун» кызматкерлеринин ал видеолорго тиешеси жок.
Белгилери гана бар
Сот отурумунда эки эксперт көрсөтмө берди — лингвист Таалайбек Абдыкожоев жана саясат таануучу Айдин Өмүрзаков.
Абдыкожоев соттук-лингвистикалык экспертиза жүргүзүп, ага ылайык анализденген материалдарда башкаруу бийлигиндеги адам — президент Садыр Жапаров тууралуу терс маалыматтар болгон, башкача айтканда массалык башаламандыктарга протест, массалык башаламандыкка чакыруунун, бийликти алмаштырууга чакыруунун лингвистикалык белгилери бар деген жыйынтык чыгарган.
Айыптоочу актыда экспертиза Болот Темировдун беш материалына жасалганы айтылган: «Байлар эт жейт — жакырлар Доширак», «Жапаров алтынды Кипрге чыгарып кетип жатат», «Ысырапкорчулук жана репрессиялар: Бийлик кантип биздин озубузду жаап жатат», «Жапаровдордун калпы жана мактанычы: карыз, коррупция», «Кыргызстандын алтыны жоголду, миллиондорду ким алды».
Абдыкожоев сот отурумунда «Клооптун» кызматкерлерин жоопко тартууга негиз болуп жаткан Болот Темировдун видеолорунда массалык башаламандыкка чакыруунун белгилери бар экенин тастыктады.
Чакырыктын белгилерин Абдыкожоев «Эркиндик берилбейт — ага жетүү керек» деген сөздөн тапкан. Бул цитата менен Болот Темиров ар бир видеосун жыйынтыктайт. Андан тышкары, «Эркиндик берилбейт — ага жетүү керек. Эркиндик үчүн баарыбыз бирге күрөшөлү» деген цитата Temirov LIVE басылмасынын YouTube-каналында да жазылып турат. «Клооптун» кызматкерлери Темировдун роликтерин жасаган эмес жана бул ураанды эч качан колдонгон эмес.
Эксперттин пикиринде, видеолордо өкмөттү душмандын образында көрсөтүшкөн.
«Массалык башаламандыктарга түз чакырык жок. Түз чакырык — бул, мисалы “жүргүлө барып талкалайлы”, “досторуңарды чогулткула” дегенде болот. Анализденген материалдарда мындай жок. Бирок бул контекстте “Эркиндик берилбейт — ага жетүү керек” деген ураанды бийликке каршы аракеттерди ойготуу катары чечмелесе болот», — дейт ал.
Анын пикиринде, ар бир видеонун аягында айтылган ураан автордун сөзүнүн бир бөлүгү болуп саналат.
«Изилденген ураан функционалдык, мобилизациялоочу роль аткарат жана күрөшүүгө чакырат, ал эми күрөшкө чакыруу — бул козутуу. Демек, кимдир бирөө эркиндик бербей жатат, демек ал эркиндикке жетүү керек, ал эми жетүү — бул зарылдык, демек активдүү аракеттин зарылдыгы, демек күрөшкө чакыруу. Кандай күрөшкө? Бул спорттун түрү эмес да. Эркиндикке ар кандай ыкма менен жетсе болот», — дейт Абдыкожоев.
Абдыкожоев видео материалдардан соттолуучулардын бирин да көрбөгөнүн кошумчалады. «Клооптун» логотиби видеодо болгон эмес, андыктан эксперт видеону ким даярдаганын айта албайт.
Сот отурумунун жүрүшүндө «Клооп» жогорудагы цитата журналист Лейла Саралаевага катара кылмыш ишиндеги экспертизада дагы колдонулганын аныктады. Кызыгы, Саралаева бул ураанды эч качан айткан эмес жана Темиров менен биргелешкен эч кандай материалы дагы жок.
Абдыкожоев мурда Temirov LIVE, журналист Канышай Мамыркулова жана «Апрель» телеканалына каршы кылмыш иштеринде дагы экспертиза жүргүзгөн. Темировдун командасынан төрт адам күнөөлүү деп табылып, экөө абакка кесилген. Канышай Мамыркулова күнөөлүү деп табылып, төрт жылга пробациялык көзөмөл жазасын алган. Ал эми «Апрель» телеканалынын соцтармактагы барактарын өчүрүп, өзүн жоюп салышкан.
Түз чакырыктар жок
Экинчи эксперт Айдин Өмүрзаков тескерисинче, Болот Темировдун видеолорунда башаламандыктарга түз чакырыктар жок экенин, көрүүчүлөрдү массалык башалмандыкка үндөбөгөнүн айтты.
«Ал сындаган, айыптаган жана өзүнүн журналисттик иликтөөсүн жүргүзгөн. [...] Анын өлкө жетекчилигин айыптап, иликтөө жасаганы, менимче туура эмес. Анын кайсы бир аракетке түртмөлөгөндөй идеялык же саясий эч кандай мотиви болгон эмес», — деди Айдин Өмүрзаков.
Ошондой эле, соттолуучуларды биринчи жолу көрүп жатканын, анализдеген видеолорго тиешеси бар же жогун билбей турганын айтты.
Сот отурумуна катышкан юрист Нурбек Токтакунов болсо, соттолуучулар аларды жоопкерчиликке тартууга аракет кылып жаткан материалдарга эч кандай тиешеси жок экени баарына түшүнүктүү болуп калганын айтат.
«Бүгүнкү күндө сот дагы, прокуратура дагы айыптоо негизделген Болот Темировдун материалдарынын “Клооптун” ТИЗОдо жаткан кызматкерлерине эч кандай тиешеси жок экенине көзү жетти. Бул Темиров менен “Клооптун” биргелешкен материалы болгонун далилдеген изди мен көргөн жокмун. Сот дагы, прокуратура дагы муну түшүнүп турат. Керек болсо, прокуратура буга аралашкан да жок, анткени өздөрү көрүп атат экспертизанын жыйынтыгын — болбогон сандырак. Эксперт Абдыкожоев Конституция менен кепилденген бийликке сын айтуу укугун массалык башаламандыктарга чакырууга теңеп салды», — дейт ал.
Кийинки сот отуруму 16-сентябрь, саат 16:00дө болот.
Башка бирөөнүн видеосу үчүн куугунтук
«Клооптун» мурдагы кызматкерлерине карата буга чейинки отурум 1-сентябрда болгон. Анда басылманын мурдагы кызаткерлери көрсөтмө берип, аларды айыптоочу тараптын күбөлөрү деп тааныштырышкан. Бирок алардын бири дагы мурдагы операторлор Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовго жана мурдагы эки бухгалтерге каршы көрсөтмө берген эмес.
Биринчи отурумда «Клооптун» мурдагы кызматкерлерине карата айыптоочу актыны окушкан. Анда мурдагы операторлор менен эки бухгалтерди Болот Темировдун материалдары үчүн соттоп жатканы белгилүү болгон. Эң негизгиси, тергөө материалдар Болот Темировго таандык экенин жакшы билишет, анткени документтин далилдер бөлүмүндө так, даана жазылган.
«Клооптун» журналисттеринин кармалышы
Мурдагы жана азыр иштеп жаткан кызматкерлерди массалык кармоону УКМК кызматерлери 28-майда баштаган. Күч кызматкерлери бул аралыкта суракка алып, тинтүү жүргүзүп же кармагандарды саны 12ге жетти. Булардын экөө басылмага тиешеси жок, кызматкерлердин достору болушкан. Кармалгандардын жарымын күбө катары суракка алып, адвокатты киргизбей бир нече саат кармаган соң, камерага кечирим суратып анан боштушкан.
Эки оператор Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров дагы адвокатсыз сурак берип, андан соң Убактылуу кармоочу жайга, кийин ТИЗОго киргизилген. Бирок ТИЗОГО дагы көпкө чейин адвокаттар киргизилген эмес. Жактоочулар кармалган жигиттерди үй камагына чыгаруу боюнча бир нече жолу өтүнүч келтиргени менен, алар дагы деле камакта.
Басылманын бухгалтерлери алгач күбө катары сурак беришкен, бирок 7-июлдагы айыптоочу актыда аларды айыпкер катары суракка алышкан. Эсепчилер ТИЗОго камалган жок, бирок аларга кандай бөгөт чара кабыл алынганы да белгисиз.