«Клооптун» иши: Бир дагы күбө айыпталуучулардын күнөөсүн тастыктаган жок

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 1-сентябрь күнү массалык башаламандыктарга чакыруу боюнча кылмыш ишине байланыштуу экинчи отурум болуп өттү. Бул иштин фигуранттары «Клооптун» мурдагы төрт кызматкери: видеооператорлор Александр Александров, Жоомарт Дуулатов жана эки бухгалтер. Буларга массалык башаламандыктарга чакырууга катышкан деген айып тагылып жатат.

1-сентябрь күнү отурумда алты күбө көрсөтмө берди: Айдай Эркебаева, Абдил Төрөбаев, Зарина Сыдыгалиева, кеңсе-менеджери, Аяна Садыгалиева жана Дарья Гайсенок. Аты аталгандар 28-29-май күндөрү басылманын башка журналисттери менен кошо УКМК тарабынан кармалган болчу

Суралган күбөлөрдүн төртөө — «Клооптун» мурдагы кызматкерлери. Аларга материал кандайча даярдалат, силердин милдетиңерге эмнелер кирчү, журналисттердин, операторлордун ролу кандай деген суроолор узатылды.

«Тандыр Медиа» басылмасы жазгандай, Айдай Эркебаева иликтөөчү материалдарды даярдоого катышпаганын айтты. Анын айтымында, айыпталып жаткан операторлор Дуулатов менен Александров экология боюнча сюжеттерди даярдашкан, ал эми эсепчилер тек гана айлык төлөшчү. Массалык башаламандыктарга чакырыкты Эркебаева көргөн эмес.

Төрөбаев менен Сыдыгалиева соцтармактарда басылманын ишин жайылтуу менен алектенгенин айтып, журналисттик иликтөөлөргө аралашпаганын, операторлор менен эсепчилердин иши боюнча маалыматы болбогонун, ошондой эле массалык башаламандыктарга чакырууларды укпаганын баса белгилешти.

Калган күбөлөр редакциянын иштери тууралуу кыйыр — кесиптештер менен сүйлөшүүлөрдө, жалпы тааныштар аркылуу гана маалыматы бар экенин белгилешти, деп жазды «Тандыр Медиа».

Адвокат Кайсын Абакиров өз кезегинде көрсөтмө берген күбөлөрдүн бири дагы айыпталуучулардын күнөөсүн тастыктабаганын баса белгиледи.

Сот отурумуна катышкан юрист Нурбек Токтакуновдун пикиринде, айыптоочууда иш боюнча тикелей күбөлөр жок.

«Күбөлөрдүн бири да айыптап көрсөтмө берген жок, болбосо алар иштин материалдарында күбө катары белгиленген. Эмне себептен аларды айыптоочунун күбөлөрү деп аташты — түшүнүксүз», — дейт Токтакунов.

Темиров менен байланыш 

Күбөлөрдүн баарына редакция өлкөдөн чыгарылган көз карандысыз журналист Болот Темиров менен кызматташабы деген суроо узатылды. Айрымдары «Клооп» Болот Темиров менен биргелешкен журналисттик иликтөөлөрдү жарыялаганын айтып берди. 

Бирок кылмыш ишинин өзүндө «Клооп» жарыялаган бир дагы материал жок. Иштин материалдарында Болот Темировдун беш материалы бар. Соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында, аларды «бийлик башындагылар жөнүндө, КРнын Президенти С.Н.Жапаровго карата терс материалдар бар, тактап айтканда массалык нааразычылыкка, массалык башаламандыкка, бийликти алмаштырууга чакыруунун лингвистикалык белгилери бар». 

Айыптоочу актыда, тергөөчүлөр далил зат катары Болот Темировдун видеосу менен боз түстөгү диск бекитилгенин жазып, андан ары журналисттин жогоруда саналган материалдарын келтиришкен. Демек, тергөөчүлөр бул «Клооп» эмес, Болот Темировдун материлдары экенин жакшы билишет.

Иш боюнча кийинки отурум 9-сентябрь саат 15:00гө белгиленди.

«Клооптун» журналисттеринин кармалышы 

Мурдагы жана азыр иштеп жаткан кызматкерлерди массалык кармоону УКМК кызматерлери 28-майда баштаган. Күч кызматкерлери бул аралыкта суракка алып, тинтүү жүргүзүп же кармагандарды саны 12ге жетти. Булардын экөө басылмага тиешеси жок, кызматкерлердин достору болушкан. Кармалгандардын жарымын күбө катары суракка алып, адвокатты киргизбей бир нече саат кармаган соң, камерага кечирим суратып анан боштушкан.

Эки оператор Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров дагы адвокатсыз сурак берип, андан соң Убактылуу кармоочу жайга, кийин ТИЗОго киргизилген. Бирок ТИЗОГО дагы көпкө чейин адвокаттар киргизилген эмес. Жактоочулар кармалган жигиттерди үй камагына чыгаруу боюнча бир нече жолу өтүнүч келтиргени менен, алар дагы деле камакта. 

Басылманын бухгалтерлери алгач күбө катары сурак беришкен, бирок 7-июлдагы айыптоочу актыда аларды айыпкер катары суракка алышкан. Эсепчилер ТИЗОго камалган жок, бирок аларга кандай бөгөт чара кабыл алынганы да белгисиз.