Кыргызстандын президенти ЖМКларга басым жасоо, оппозицияны тазалоо, элитаны коркутуу жана «бийликтеги өз киши» деген культ аркылуу өлкөнү тездик менен классикалык үлгүдөгү авторитардык режимге айлантууда. Carnegie Endowment'тин Борбор Азия боюнча эксперти Темур Умаров бул сценарий кандай иштей турганын жана ал эмнеге анчалык кооптуу экенин түшүндүрөт.
«Клоопту» жана көз карандысыз журналистиканы колдоңуз: https://www.patreon.com/kloop
— Темур, «Клооптун» айланасындагы акыркы окуялар боюнча эмне дейсиз?
— «Клооптун» айлансындагы окуяларга тыкыр байкоо салып жатам. Бул, албетте, өтө жаман көрүнүш. Бул күтүлгөн нерсе болчу, бирок аны канчалык акыл-эсиң менен түшүнүп турганың менен, мындай нерселер болгон учурда аны жүрөк менен кабыл алуу дайыма эле жеңил болбойт.
— Сиз буга чейин Ташиев менен Жапаров Кыргызстанда Борбор Азияга мүнөздүү автократиялык башкарууну орнотуп жатат дегениңиз бар. Бирок алар азыр чектен чыгып, коңшу өлкөлөрдөн да ашып түшчүдөй болууда. 70-жылдары курулган үйлөрдү ээлерине кенемте төлөбөстөн эле сүрдүрүп жатышат, базарларды бузуп, соодагерлерди досторуна таандык фанерден жасалган павильондордун чарчы метрин 1000 доллардан алууга мажбурлап жатышат… Азыр элге бардык жактан кысым күчөп жаткандай.
— Мага мурдагыдай эле Садыр Жапаров менен Ташиев Борбор Азия аймагына мүнөздүү авторитардык режимди орнотууга аракет кылып жаткандай сезилүүдө. Чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдө эчак эле орногон андай режимден Кыргызстан дайыма айырмаланып келген.
Анан албетте, бул жагынан башка өлкөлөргө теңелүү үчүн алар коңшулар ондогон жылдар бою жасаган нерселерди кыска убакыттын ичинде жасашы керек болот. Өзбекстанда, Казакстанда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда токсонунчу, эки миңинчи жана 2010-жылдардын башында кылынган нерселерди Жапаров азыр Кыргызстанда бир нече жылдын ичинде эле бүткөрүүгө аракет кылып жатат.
— Кыргызстанды коңшулар менен теңөө үчүн Жапаров эмне кылышы керек?
— Биринчиден, кандай гана оппозиция же бийликти сындаган адамдар болбосун, баарын жок кылуу. Өлкө ичинде негизги пикирге каршы келген пикир айта ала турган коомдук ишмерлердин болушуна мүмкүндүк бербөө.
Албетте, бул саясатчылардан тышкары саясий чөйрөгө тиешеси бар жана түрдүү активизм менен алектенген бардык адамдарга тиешелүү. Айрыкча, эл аралык фонддор менен иштешкен бардык бейөкмөт уюмдар жана жеке адамдарга.
Экинчиден, албетте ЖМКларды колго алат. Аларга Өзбекстандагы медиачөйрө болжолдуу үлгү болушу мүмкүн — ал жакта саясий көйгөйлөрдү, жогорку бийликтеги коррупцияны чагылдырган көз карандысыз бир дагы гезит, бир дагы басылма жок.
— Андай болгондо эмне жөнүндө жазууга жана айтууга болот?
— Жазууга мүмкүн болгон жалгыз тема — бул турак жай коммуналдык тармагындагы жалпы көйгөйлөр. Анан албетте ийгиликтер жөнүндө айтып, расмий булактардын билдирүүлөрүн кайталоого болот. Ошондой эле бизнес, ишкерлер тууралуу жазууга мүмкүн: алардын кандай азаматтар экендиги жана коом үчүн маанилүү болгон иштерге кандай акча салып жатышканы жөнүндө.
Бирок сезимтал жана кооптуу темаларга келгенде, ал «кызыл сызыктан» чыгуу болуп эсептелип калат.
Ошондуктан алар «Клоопко» асылды, анткени «Клооп» — Кыргызстандагы гана эмес, Борбор Азиядагы эң мыкты иликтөөчү басылмалардын бири. «Клооп» дайыма бийликтен коркпой, элге фактыларды жана бийлик жашыргысы келген чындыкты көрсөтүп келген. Ошондуктан алар дал ушул басылманы бутага алышты.
Алдыда мындай ишмердүүлүктү уланткандарга да кезек жетет. Бери дегенде эле алардын өлкө ичинде жүргөндөрүн тынчытышат. Мында эсепчи, пол жуугуч же редакциялык саясат менен тексттерге эч тиешеси жок адам болсун — баары бир жазаланат. Мунун баары башкалар мындай уюмдар менен кызматташууга батынбасын деген максатта жасалууда.
— Репрессиялар бир гана «Клооп» менен эле чектелбейт. Жакында эле сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана анын Кой-Таш иши боюнча тарапташтарына карата катаал өкүмдөрдү чыгарды. Көп жылдан бери созулуп келе жаткан бул иш эмнегедир биздин кызматкерлер кармалгандан бир нече күндөн кийин аяктап калды.
— Бул бийлик киришкен үчүнчү нерсе — элита өкүлдөрүн көзөмөлдөө. Садыр Жапаров бийликке келери менен эле «же силер биз менен болуп, бирге пайда көрөбүз, болбосо жок кылынасыңар» (балким Камчы Көлбаев өлтүрүлгөндөгүдөй — ред) дегендей кыйыткан.
Же буга чейинки Кыргызстандагы мамлекеттик төңкөрүштөрдөн же кезектеги нааразылыктардан кийин бийликтен кеткендер туш болгондой эле сизди да өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылышат.
— Бул «автократтын окуу китебине» дагы эмне кирет?
— Күч түзүм кызматкерлери. Бул Жапаров киришкен эң акыркы маанилүү нерсе жана мында Ташиевдин ролу чоң.
Күч түзүм кызматкерлеринин дайыма маянасы жогорулап, курсагы ток, кийими бүтүн болушу керек. Алар өздөрүн өлкөдөгүлөрдүн баарынан жакшы сезиши зарыл. Ташиев дээрлик ай сайын УКМКнын бирден жаңы имаратын ачып, кызматкерлердин штатын кеңейтип, атайын кызматтын бюджетин көбөйтүп, азыр дал ушул иш менен алектенип жаткандай.
Мына, ушунун баары Садыр Жапаров колдонуп жаткан «автократтын окуу китеби». Мунун баарын Садыр Жапаровду «элден чыккан», «элдин мүдөөсүн билип, көйгөйүн түшүнгөн», «кымбат үйлөрү, яхталары, тик учактары жок» «биздин жөнөкөй жигит» деп эсептеген коомчулуктун бир бөлүгү колдоп жатат.
— Ал «жөнөкөй жигит» жеке учактарда учуп, өтө кымбат кийимдерди кийип жүрөт. Үй жайы деле начар эмес. А жакындары болсо соцтүйүндөрдө бардар жашоосун ачык көрсөтүп келишет.
— Албетте, Жапаров азыр өзүнүн алгачкы репутациясынан кыйла айырмаланат. Анткени мурда бийликке келгендеги Жапаров менен бир нече жылдан бери бийликте отурган Жапаров — эки башка. Азыр анын уулу, карындашы жана башка туугандары элитанын жөнөкөй өкүлдөрү эмес деген маалыматтар пайда болууда.
Ошентсе да Жапаров бийликке келгендеги баштапкы репутациясын сактап калуу аракетин көрүүдө. Коомдун бир бөлүгүнүн жогорудагы шарттуу колдоосу ага азырынча өз демилгелерин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүдө.
— Кыргызстандын шарттуу Өзбекстанга айлануусуна бир нерсе тоскоол болушу мүмкүнбү?
— Менин көз карашым боюнча, азырынча мунун баары Кыргызстанды автократиялык жолго түшүрүүнүн ийгиликтүү аракети сыяктуу көрүнүүдө. Садыр Жапаров жыл өткөн сайын бийликти колуна көбүрөөк топтоп, бийликте болушунча узак убакыт калууну пландап жатат. Ал салыштырмалуу жаш саясатчы, ошондуктан «автократтын окуу китеби» менен андан ары кетүүгө анда убакыт жетиштүү.
Эгер ал коомго адамдар ачкалыктан өлбөй тургандай жетишерлик шарт түзүп берип, бирок ошол эле учурда саясий элита айткандай, эл шарттуу түрдө «байлыкка мас болбогудай» тең салмактуулукка жете алса, анда Жапаров бийликти кыйла эле узак кармап тура алат.
Албетте, эгер анын Ташиев баштаган анча көп эмес адамдардан турган чөйрөсүндө ажырым пайда болбосо эле. Эгер Ташиевдин кандайдыр бир саясий амбициясы пайда болуп, бийликке өзү алып келген Жапаровдон кутулууну чечпесе — бул схема кыйла эле туруктуу. Биз муну башка өлкөлөрдөгү мисалдардан көрүп жатабыз.