«Клоопту» кайрымдуулук менен колдоңуз: https://www.patreon.com/kloop
«Клооптун» кызматкерлери кармалып жана алардын үйлөрү тинтүүгө алынганга чейин бийликтин редакцияга басымы барган сайын күчөп турган. Бийлик «Клооп» аткаминерлердин жемкорлугу, тууганчылдыгы, трайбализми жана жалган маалыматтары жөнүндөгү иликтөөлөрүнөн улам куугунтукталып жатканын бир нече жолу ишарат кылган. Биздин андай ар бир макалабызга кандай реакция кылышканын айтып беребиз.
Матраимов камалат!
Садыр Жапаров 2020-жылы октябрдын башында, адилетсиз парламенттик шайлоого каршы чыккан нааразы элдин толкуну менен бийликке келген. Анда элди бийликтики эсептелген «Биримдик» партиясынын административдик ресурс аркылуу жеңишке жеткени жана жапырт добуш сатып алууга айыпталган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын парламентке өткөнү кыжырданткан.
Мындан тышкары «Мекеним Кыргызстан» партиясынын Райымбек Матраимов менен байланышы бар экени айтылып келген. Ал Бажы кызматында төраганын орун басары болуп иштеп турган жылдары Кыргызстандан жүз миллиондогон долларларды чыгарып кетүүгө тиешеси бар болгону үчүн эл арасында «Райым-миллион» деген каймана атка ээ болгон.
Бул тууралуу кыргызстандыктар «Клооптун», «Азаттыктын» жана OCCRP'нин бажыдагы коррупция жөнүндөгү биргелешкен иликтөөлөрүнөн билишкен. Алардын башкы каармандары Матраимов менен уйгур улутундагы ишкер Хабибула Абдукадыр болгон.
«Клооп» дал ушул иликтөөлөрдөн улам 2019-2020-жылдары, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда олуттуу кысымга кабылган. Бийлик тараптан расмий реакция дээрлик болгон эмес. Ал кездеги өлкө башчысы журналисттердин Матраимов жөнүндөгү суроолоруна «факты бергиле» деп жооп берген. Ошол эле маалда Матраимов «Клоопту» сотко берип, дээрлик дароо эле басылманын банк эсептери бөгөттөлгөн.
Садыр Жапаров болсо нааразы болгон элдин толкуну менен түрмөдөн бошотулган соң Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдындагы аянтка «Матраимов камалат!» деген ураан менен чыккан. Бул убада ага премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматын алууга жардам берген.
Жапаров бийликке келгенден кийин Матраимов жазаланган, бирок жеңил эле: коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилип, дагы 2 млн доллар өлчөмүндө келтирилген чыгымдын ордун толтуруп берүү убадасы менен сот залынан бошотулган. Абдукадырга карата эч кандай соттук териштирүүлөр болгон эмес.
Көп өтпөй, жаңы бийлик да «Клооптун» иликтөөлөрүнө объективдүү жана калыс реакция кылууга даяр эмес экени жана ал Абдукадыр менен кызматташтыгын күчөткөнү аныкталган.
Бийлик алмашуу жана шайлоодогу мыйзам бузуулар
Жаңы бийлик мыйзамга ылайык орношу керек болгон, ошондуктан 2021-жылы, бир жылда Кыргызстанда бир нече шайлоо өнөктүгү өткөн. «Клооп Медиа» коомдук фонду андагы бардык шайлоолорго байкоо жүргүзгөн.
«Клооптун» миңдеген байкоочулары өлкөнүн бардык аймагындагы миңдеген мыйзам бузууларды катташкан. Алар бардык мыйзам бузуулар тууралуу жергиликтүү шайлоо комиссияларына жана Боршайкомго маалымат жөнөтүп турушкан. Бирок алар эч кандай чара көрүшкөн эмес. «Клооп» БШКнын аракетсиздигине даттанып, сотко кайрылган, бирок сот доо арыздарды кароосуз калтырган.
2021-жылы күзүндө бийлик «Клооптун» байкоочуларынын шайлоодогу ишине ачык эле тоскоолдук кыла баштаган. Өкмөт «Клооп Медиа» коомдук фондунун шайлоого байкоо жүргүзүү ишине катышуусун каалаган эмес. Фонддун байкоочуларын шайлоо тилкелерине добуштарды саноо учурунда да киргизбей коюуга аракет кылышкан. Эки жыл өткөндөн кийин, УКМК 2021-жылдын ноябрында эле «Клоопко» «бийликти басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон.
«Кыргызтемирден» кийинки салык текшерүүлөрү
2023-жылы апрелде «Клооп» «Кыргызтемирдин иши»: Коррупция менен диктатуранын кандай байланышы бар? деген иликтөө жарыялаган. Анда бозгун президент Бакиевдин айланасындагы адамдар иш жүзүндө салыктан бошотулганы жөнүндө айтылган.
Майдын башында Салык кызматы «Клоопко» текшерүүлөр менен келип, ал сентябрдын башына чейин созулган. Жыйынтыгында мекеменин кызматкерлери фонддун ишинен эч кандай мыйзам бузуу тапкан эмес.
Президенттин шектүү майнерлерге болушуп чыкканы
Июлда мамлекеттик электр энергиясындагы эки майнинг жөнүндө эки иликтөө жарыяланган: «Жапаровдун өкмөтү электрди Бакиевдер менен байланышы бар фирмага арзыбаган акчага бергени турат» жана «Тезек тергиле. Миллиондогон кВт энергия чиновниктерге байланышы бар майнерлерге сатылууда».
Бул иликтөөлөрдөн кийин президент Жапаров мамлекеттин электр энергиясын пайдаланып жаткан майнинг-фермалардын бар экенин мойнуна алган. Бирок аларды пайдалуу деп атап, «Клоопту» «туура эмес» маалымат таратууга айыптаган. Ал эми Энергетика министрлиги электр энергиясын керектөө боюнча статистиканы жашыра баштаган.
«Барселона»: Бизди жабуу боюнча алгачкы аракет
2023-жылдын 22-августунда «Клооп» «Барса, Росатом жана Ташиев. УКМК төрагасынын футболду жайылтуудагы өнөктөшү ким?» деген иликтөө жарыялаган. Анда президент менен УКМК башчысынын туугандары испан футбол клубунун франшизасын кантип үй-бүлөлүк бизнес кылып алганы жөнүндө айтылат.
Садыр Жапаров бул иликтөөдөгү маалыматтарды ачык эле ырастаган. Бирок «Клоопту» «инвесторлорду үркүтүүгө» айыптап, «эми мындай болбой турганын» белгилеген.
Иликтөө жарыяланган күнү Бишкек прокуратурасы «Клооптун» Кыргызстандагы юридикалык жактарын — «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндө сотко доо арыз берген.
Доо арыздан биз УКМК 2021-жылдын ноябрында эле (шайлоо өнөктүгү учурунда) «Клооптун» кызматкерлерине «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогонун билгенбиз. Иш боюнча экспертизалар 2022-2023-жылдары жүргүзүлгөнү көрсөтүлгөн. Иштеги шектүүлөр жана конкреттүү айыптар бүгүнкү күнгө чейин белгисиз бойдон калууда.
УКМК муну менен эле токтоп калган эмес. 2023-жылы сентябрда мекеме Kloop.kg сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен Маданият министрлигине кайрылган. Анда буга себеп катары «Клооптун» саясатчы Равшан Жээнбековдун УКМКда кыйноого кабылганы тууралуу жаңылыкты өчүрүүдөн баш тартканы көрсөтүлгөн. Ошол эле айда Кыргызстанда басылманын эки тилдеги сайты тең бөгөттөлгөн — алар бүгүнкү күнгө чейин бөгөттөн чыгарыла элек.
Фондду жоюу
Ал арада редакция дагы бир нече иликтөө жарыялаган. Аларда майнерлердин Бакиевдерге байланышы бар компаниялардан кантип электр энергиясын сатып алып жатканы, Башкы прокуратура бирөөнүн 700 миң долларын казинодо уттурууга шектелген кызматкерин кантип калкалаганы жөнүндө айтылып, аткаминерлердин жемкорлугу, туугандык байланыштары жана жалган маалыматтары ачыкталган.
2024-жылы 9-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту басылманын юридикалык жагын — «Клооп Медиа» коомдук фондун жойгон. Буга биздин материалдар окурмандарда «сексуалдык аномалия» жана «миграцияга кетүү каалоосун» жаратканы тууралуу мамлекеттик эксперттердин күлкү келерлик корутундулары негиз болгон.
Далили жок төгүндөө
Бирок «Клооптун» дагы бир экинчи юридикалык жагы бар болгондуктан, редакция Кыргызстанда өз ишин мыйзамдуу уланта берген.
2024-жылдын 28-майында «Клооп» OCCRP жана Temirov Live менен биргеликте «Жатка кетпесин. Өлкөдөгү ири долбоорлор кандайча президенттин айланасындагы адамдардын колуна тийген?» деген иликтөө жарыялаган.
Жооп катары президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков журналисттерди жалаа жабууга айыптап, бирок кайсы маалыматтар жалган экенин так айткан эмес.
Мунун баары иликтөөлөрдөн улам
2024-жылы 12-июлда «Клооп» Президенттин иш башкармалыгынын башчысы тууралуу «Президенттин жеке рейдери. Каныбек Туманбаев чоочун заводду кантип тартып алган?» деген иликтөөсүн жарыялаган.
Төрт күндөн кийин Жогорку сот «Клооп Медиа» коомдун фондун жоюу чечимин колдогон.
Бул боюнча президент Садыр Жапаров жеке өзү комментарий берип, сот «кимдир-бирөөнү каралоого багытталган», «бир тараптуу иликтөөлөр» үчүн фондду жойгон болушу мүмкүн деген божомолун айткан.
Абдукадырдын сотко арызданганы
2024-жылдын 31-октябрында «Клооп» менен Temirov Live «Тигүү тармагынын падышалары. Президенттин достору менен жакындары кантип “Мадина” базарына ээ болушту?» аттуу иликтөө жарыялаган.
Анда президенттик аппараттан макала «ушактарга негизделгендиктен», «Клоопко» ишенбөө керектигин билдиришкен. Ал эми ал иликтөөнүн каарманы Хабибулла Абдукадыр «Клооп» менен Temirov Live'ды сотко берген.
Кайрадан «Барселона»
2025-жылдын 21-февралында «Клооп» менен Temirov Live кезектеги иликтөөсүн жарыялаган — «Бишкектеги “Барса” академиясынын көмүскө жагдайлары». Анда журналисттер мамлекет кантип Ташиевдин адамдарына испан клубунун бренди аркылуу кыймылсыз мүлк тармагында акча табууга жардам берип жатканы жөнүндө айтышкан.
«Футболдон бизнес кылып, андан түшкөн акчаны жеп жаткандай жазышыптыр. Таптакыр андай эмес! Мен жеке өзүм көзөмөлдөп жатам. […] Аларга ишенбегиле, жалаа жаап жатышат», — деп жооп берген Камчыбек Ташиев иликтөөгө.
Анда президент да четте калган эмес. Жапаров ким болбосун «Барсанын» франшизасына катышканы жакшы экенин айткан. Ал да бул долбоорго катышып жаткандардын эч кимси ашкере пайда көрбөй турганын белгилеген.
Көлбаевдин алтыны
Бир айдан кийин «Клооп» менен Temirov Live «”Мамлекет үчүн”. Көлбаевдин алтын кени Ташиевдин досуна тийген» деген иликтөө жарыялаган. Анда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев УКМК кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөндөн кийин анын өнөктөштөрүнө таандык алтын кени кантип Ташиевдин досу Айбек Алыбаевге өткөнү жөнүндө айтылган. Бишкектеги «Барса» футбол академиясы менен ушундай эле аталыштагы турак жай комплексин дал Айбек Алыбаев куруп жатканы белгилүү.
Иликтөө жарыялангандан эки күн өткөндөн кийин УКМК Алыбаевден кенди иштетүү лицензиясы алынганын билдирген. Буга анын кенге жетиштүү инвестиция салбаганы себеп болгону кабарланган.
Ал эми Көлбаевдин мурдагы өнөктөшү УКМКнын ТИЗОсунда отурганда алтын кенин «эч кандай басымсыз эле», «өз каалоосу менен» Ташиевдин досуна өткөрүп бергенин билдирген.
Камакка алуулар
2025-жылдын 22-майында «Клооп» менен Temirov Live «Бакиевчилер банкын кайра алды. Актоо иши мүлк менен бекемделе баштады» деген иликтөө жарыялаган.
Бул иликтөөгө бийлик тараптан ачык реакция болгон жок. Бирок УКМК 28-29-май күндөрү «Клооптун» азыркы жана мурдагы сегиз кызматкерин кармады. Мыйзамга каршы экенине карабастан, аларга адвокаттарды киргизишкен жок. Кармалган соң аларга эмне болгону белгисиз. УКМК узакка созулган сурактан кийин кармалгандардын алтоону бошотуп, алардын төртөөнү «кечирим суратып» видеого тартып алышкан.
Кармалгандардын экөө — видеооператор Александр Александров менен «Клооптун» мурдагы видеооператору Жоомарт Дуулатов июлдун аягына чейин УКМКнын ТИЗОсунда калтырылды. Алар «жапырт башаламандыктарга чакырык жасоого тиешеси бар» деп шектелүүдө. Ал кандай чакырык экенин адвокаттар да билишпейт, анткени мыйзамга каршы экенине карабастан, жактоочулары шектүүлөрдүн сурагына киргизбей, алардын бөгөт чарасы каралган сотко чейин иштин материалдары менен таанышууга мүмкүндүк беришкен эмес.
«Клооптун» эсепчиси менен кеңсе-менеджери да адвокатсыз сурак беришкен. УКМК басылманын каржы документтерин да алып кеткен.