Кыргызстанда Бакиевдерди эл алдында саясий реабилитациялоо бакиевчилерге мүлкүн жашыруун түрдө кайтарып берүү менен катар жүрүүдө. «Клооп» менен Temirov Live Максим Бакиевдин кишилери кезинде ал чет элдик инвестордон тартып алган банкты көзөмөлдөй баштаганын аныктап чыгышты.
Кыргызстандын Конституциялык соту бозгун президент Курманбек Бакиевдин 2010-жылдын апрелиндеги 80ден ашуун адамдын өлтүрүлүшү жана башка оор кылмыштар боюнча чыккан сот өкүмдөрүн кайра каратуу укугу бар деп тааныгандан көп өтпөй, анын кланынын өкүлдөрү «Евразиялык сактык банкын» көзөмөлгө алышты.
2025-жылдын 11-апрелинде «Евразиялык сактык банкынын» акцияларынын көзөмөл пакетине Медербек Сартказиев ээлик кылып калды. Азыр акциялардын 55,23% ага таандык.
Медербек — «Электр станциялар» ААКнын мурдагы башкы директору Бакырдин Сартказиевдин уулу. Бакиевдин тушунда анын атасы энергетика тармагындагы коррупциялык схемалардын автору эсептелген Алексей Ширшов сыяктуу эле ушул тармакта иштеген.
Медербек Сартказиевдин да Ширшов жана анын ишенимдүү адамы — президенттин азыркы атайын өкүлү Талантбек Иманов менен байланышы бар. 2022-жылы журналисттер Ширшов Бишкекте Медербек Сартказиевге таандык унаа менен жүргөнүн кабарлашкан. Ошондой эле журналисттер өз булактарына таянып, ал унааны Талантбек Иманов колдонорун жазышкан.
Колдон кеткен кайтып келбейт
«Евразиялык сактык банкы» ААКсы — бул 1998-жылы Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин тушунда эле негизделген мурунку «КыргызКредит Банк». Анын негизги акционери Италиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Жоржио Фиаккони болгон (ал ошондой эле «Хаятт» мейманканасы менен ЦУМдун инвестору эле).
2005-жылы Аскар Акаев куулуп, бийликке Курманбек Бакиев келгенден көп өтпөй, Кыргызстандын Каржы полициясы Фиаккониге кылмыш ишин козгоп, ал камакка алынган. Ишкер анда өзүнө жана компаниясына кысым болуп жатканын билдирген. Бирок бул ага жардам берген эмес: 2007-жылдын 24-августунда Фиаккони акцияларын сатууга аргасыз болуп, «КыргызКредит Банк» жаңы президенттин уулу Максим Бакиевдин көзөмөлүнө өткөн.
Максим банктын акцияларына Сергей Костырин, Денис Гладышев, Виталий Ким жана Марат Ахматов деген өзүнүн айланасындагы адамдар аркылуу ээлик кылган. Мындан тышкары Ширшовдун мурдагы айдоочусу жана ишенимдүү адамы Талантбек Иманов да өзүнүн «Реестр Сервис» аттуу фирмасы аркылуу банк акцияларынын үлүшүнө ээ болгон.
Бакиевдер бийликтен кетери менен Фиаккони «КыргызКредит Банктын» акцияларын аны мажбурлап саттырышканын айтып, УКМКдан ал боюнча келишимди жараксыз деп табууну өтүнгөн. Атайын кызмат ишкердин арызынын негизинде кылмыш ишин козгоп, Фиакконини рейдерлик басып алуунун жабырлануучусу деп тапкан.
Бирок Бакиевден кийин бийликке келген Роза Отунбаеванын да, Алмазбек Атамбаевдин да президенттиги учурунда италиялык ишкерге акциялары кайтарылып берилген эмес. 2011-жылы «КыргызКредит Банк» Улуттук банктын көзөмөлүнө өткөн. 2016-жылы анын аталышы «Евразиялык сактык банкы» деп өзгөртүлүп, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна берилген.
«Санариптик» кайтарып берүү
Курманбек Бакивдин тушунда карьера жасаган Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келгенден кийин банк акырындык менен качкын президенттин айланасындагы адамдардын көзөмөлүнө кайтарыла баштаган.
2022-жылы майда Жапаровдун өкмөтү «Евразиялык сактык банкынын» акцияларын Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинен Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөргөн. Ага чейин Жапаров бул мекеменин башчылыгына Ширшовдун мурдагы айдоочусу Талантбек Имановду дайындаган. Санариптик өнүктүрүү министрлиги банк менен бирге мурда Бакиевдин адамдары көзөмөлдөгөн дагы үч ири компаниянын акцияларын алган. Алар — «Дастан трансулуттук корпорациясы» ААКсы, «Кыргызтелеком» жана «Альфа Телеком».
2022-жылдын май айында депутат Дастан Бекешев банкта «“Ширшовдун схемалары” башталганын» билдирген. Анын айтымында, Алексей Ширшов ал схемаларды мурда кол алдында иштеген жакын адамы — Имановдун колу менен ишке ашырып жатат. «Ширшовдун “Евразиялык сактык банкы” менен байланышы болгон жана ал боюнча кылмыш иши козголгон», — деген Бекешев. Ошол эле маалда ал Кыргызстанга «Ширшовдун схемаларын» Садыр Жапаров кайтарып жатканын белгилеген. «Азыр сизди президент колдоп жатат жана сизге эч ким тоскоолдук кыла албайт. Анткени артыңызда президент турат», — деп билдирген депутат.
2023-жылдын апрелине карата Санариптик өнүктүрүү министрлигине «Евразиялык сактык банкынын» акцияларынын 76,5%ы таандык болгон.
2023-жылы жазында акциялардын дагы 10%ы Сергей Толкачев аттуу жарандын жана Максим Бакиевдин жакын адамдарына таандык болгон «25 кадр» ЖАКынын колунда болгон.
2023-жылы Орусиянын «Мир» төлөм системасынын техникалык колдоо кызматы «Евразиялык сактык банкында» «Элкарт» төлөм системасындагы трафиктин шектүү түрдө жогорулаганын байкаган. Орусиялыктар бул акча адалдоого байланыштуу болушу мүмкүн деген пикирде. Мындан тышкары «Евразиялык сактык банкынын» кардары Кыргызстандын Улуттук банкына кайрылып, банк букмекерлер менен казинонун акчасын адалдап жатканына даттанган.
Имановду «ээрчиген» акциялар
2024-жылы январда банктын акцияларынын 80% ашыгы дале мамлекетке таандык болуп турган: Санариптик өнүктүрүү министрлиги 60,95%, «Альфа Телеком» ЖАКы (мурун MegaCom бренди менен иштеген) — 19,99% ээлик кылган. Бизге белгилүү болгондой, бул эки мекемени тең бакиевчил Талантбек Иманов жетектеген.
Эң кызыгы, Садыр Жапаровдун тушунда бул киши кайсы кызматка дайындалбасын — «Евразиялык сактык банкынын» мамлекеттик акциялары аны көлөкөдөй ээрчип жүргөнүндө.
Алсак, 2023-жылы күзүндө Иманов президенттин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке жетекчи болуп дайындалган. 2024-жылы январда болсо «Евразиялык сактык банкынын» акциялары Санариптик өнүктүрүү министрлигинен ал башчы болгон агенттикке өткөн.
Андан соң Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин «Евразиялык сактык банкындагы» үлүшү 48,89% чейин азайганы, ал эми «Альфа Телекомдун» үлүшү жеке жактарга өтүп кеткени белгилүү болгон.
2025-жылы апрелде — Ширшовго байланышы бар Иманов Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен кеткенден кийин — «Евразиялык сактык банкынын» акцияларынын 48,89% ошол эле Ширшовго байланышы бар Медербек Сартказиевдин менчигине өттү. Анын буга чейинки 6,34% акциясын кошкондо, ал акциялардын көзөмөл пакетине — 55,23% ээлик кылып калды.
Банк акцияларынын калган 32,44% Данил Вайнштайнга, Алексей Короленкого, Александр Кравченкого жана Михаил Пекарскиске таандык. Бул кишилердин ким экени белгисиз.
Андросик жана латвиялык из
Сартказиев менен Иманов — «Евразиялык сактык банкынын» Бакиевдердин айланасындагы адамдардын көзөмөлүнө кайтарылышынын жалгыз символу эмес.
2023-жылы апрелде Иманов башында турган Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Евразиялык сактык банкынын» 2,9% акциясын «Айти Капитал» компаниясына сатканы белгилүү болгон. Бул компания Бакиевдин фирмалары катталган дарек боюнча катталып, кезинде Максим Бакиевге MegaCom уюлдук операторун тартып алууга жардам берген Владимир Андросик аттуу адамга таандык.
2022-жылы президент Садыр Жапаров Андросик менен анын жубайы Евгения Судецке кыргыз жарандыгын берген. Ошол эле убакта «Евразиялык сактык банкынын» акционерлеринин курамына «Альфа Телеком» (Mega уюлдук оператору) ЖАКы кирген. Бул кезинде Андросик Бакиевге алып берүүгө көмөктөшкөн мурунку MegaCom.
2016-жылы банктын акцияларынын 9,4 пайызына ригалык Stylus компаниясы ээлик кылып турган. Ага чейин акциялардын 9% ал Бакыт Закиров жетектеген Greenfield Energy Trading'ден алган. Закиров убагында Максим Бакиев менен Славян университетинин юридика факультетинде чогуу окуган. Бакиевдердин бийлиги тушунда ал президенттин үй-бүлөсү акча адалдаган «Азия Универсал Банктын» башкармалыгынын төрага орун басары жана Каржы базарын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын башчысы болгон. Закировдун «Кыргызтемир» ишканасы менен «БиМоКом» (MegaCom) уюлдук компаниясын рейдерлик жол менен тартып алууга катышканы айтылып келген.
Ригалык Stylus компаниясына Светлана Чамбуркина ээлик кылган. Мындан тышкары ал 2010-жылы майда Латвияда катталган «CBC» компаниясынын жоюучусу (ликвидатор) болгон. «CBC'тин» негиздөөчүсү катары буга чейин айтылган «Азия Универсал Банктын» мурунку кызматкери Ирина Абдыкеримова көрсөтүлгөн. «CBC» Алексей Елисеевдин «CAC» юридикалык фирмасы менен бир имаратта катталган. Елисеев болсо 2010-жылы Жоржио Фиаккони тарабынан банктын акцияларын опузалап алууга айыпталган Максим Бакиевдин өнөктөшү.
Атасынын бийлиги кулагандан кийин Максим Бакиевдин алгач Латвияда жүргөнүн көрүшкөн. Ал жакта анын көптөн берки ишкерлик өнөктөшү Валерий Белоконь бар. Бакиевдер Кыргызстандан качкандан кийин алардын криминалдык схемаларынын авторлорунун бири Алексей Ширшов да Латвиядан түнөк тапкан. 2022-жылы Садыр Жапаров Ширшовго каршы кылмыш иши козголбогонун, ошондуктан анын Кыргызстанга кайтып келишине мүмкүндүк бергенин билдирген.